Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ал 12-13-декабрда КМШнын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

"Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык кызматташуу, маданий-гуманитардык байланыш жана башка маселелер талкууланат" — деп айтылат маалыматта.

09:59, 12-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар