Садыр Жапаров: майыптарды коомго толук аралаштыруу мамлекеттин мүдөөсү

Камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шартын жакшыртуу өлкөнүн эң башкы мүдөөлөрүнүн бири. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө муктаждыктары бар жарандар коомдун ажырагыс бөлүгү катары өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуп келишүүдө.

"Жакынкы жылдары кошумча колдоону талап кылган жарандарыбыз үчүн социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо боюнча иш-мерчемдерибиз бар. Ошону менен бирге 2030-жылга чейин кабыл алынган "Жеткиликтүү өлкө" программасынын алкагында белгиленген ыңгайлуу инфратүзүм түзүү, медициналык-социалдык экспертизаны өнүктүрүү, реабилитация жана абилитация системасын өркүндөтүү, инклюзивдүү билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында чараларды ишке ашырабыз", — деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле президент мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын укуктары менен адамдык кадыр-баркын урматтоого, алардын жетишкендиктерин сыйлоого тарбиялоо жаатында иштер ырааттуу жүргүзүлүшү керектигин кошумчалаган.

10:37, 03-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар