Таластагы жол кырсыктан эне уул-кызы менен каза болду
Таласта бүгүн, 23-октябрда болгон жол кырсыкта үч адам — эне уул-кызы менен каза болду. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, эне уул-кызы менен жөө өтмөктөн өтүп баратканда, аларды карама-каршы тилкеге чыгып кеткен “Хендай Грандер” унаасы сүзүп кеткен. Андан кийин дагы үч унааны сүзгөн.
Жол кырсыктын айынан аял киши менен анын уул-кызы көз жумган.
Учурда жол кырсыгына кабылган 4 унаа тең айып короого коюлган.
Ал эми жол кырсыгына күнөөкөр айдоочу милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.