“Каркыра” өткөрмө бекети күнү-түнү жана жыл бою иштей баштайт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу макулдашууну үчүнчү окууда колдоду.

Учурда аталган өткөрмө бекет күндүз гана иштейт. Макулдашуу боюнча, аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү, ошондой эле жыл бою иштетүү каралган. Мурдагы макулдашуу боюнча “Каркыра” бекети жыл бою иштей турганы эки тараптын келишими менен аныкталат деп көрсөтүлгөн.

“Каркыра” өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Түп районундда жайгашкан. Ал негизинен жаз айларында ачылып, күзгө чейин иштейт.

16:59, 21-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар