Кантип насыя алып, акчага күйбөстөн туура колдонууга болот? Адистин жообу
Кредит кыялыңызды ишке ашыруу үчүн акча чогултууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда кырдаалдан чыгуунун жолу боло алат. Бул учурда инфляцияны жана чыгымдарды эске алуу зарыл! Бирок кошумча каржылык милдеттенмелерди алуудан мурун, баарын кылдаттык менен таразалап, кайсы жерден, кандай насыя алуу керек экенин, шарттары кандай экенин түшүнүү керек.
Насыяны кантип туура тандоо керек, анда эмнеге көңүл буруу зарыл жана кантип ашыкча чыгаша туш болбош керектигин «Евразия сактык банкы» ААКсынын кредиттөө бөлүмүнүн башчысы Наргиза Эсеналиева айтып берди.
- Улуттук банктын маалыматы боюнча кредит алгандардын көрсөткүчү өсүп жатат. Кыргызстанда адамдар канчалык көп насыя алышат?
-Ооба, азыр адамдар көбүрөөк насыя ала башташты. Алар көп жылдар бою акча топтогондон көрө, азыр насыя алып, ошол учурда кыялын, же пландаган жумушун ишке ашырган жакшы экендигин түшүнүштү. Бул учурда, базар баалары, убакыттан утуш болот. Башкача айтканда, сиз ошол учурга чейин белгилүү бир убакытты үнөмдөп жатасыз. Ал эми сиз бул акчаны топтой турган болсоңуз ал сумма жетишсиз болушу мүмкүн. Адамдар эртең бүгүнкүгө караганда базар баалары арзан болбой тургандыгын түшүнүшөт. Ошол эле кредит менен эреже катары бүгүн белгилүү бир пайыздык чен менен насыя алсаңыз, эртең бул пайыздык чен өспөйт. Эмгек акы жогорулашы мүмкүн, бирок насыя - жок, анткени анын көлөмү так жазылган.
- Базардагы эң популярдуу кредит бул - чекене насыялар. Адамдар көбүнчө эмнеге насыя алышат?
- Кредиттер курулушка, керектөө максаттарга, үй, унаа сатып алуу, адамдар жашоо шартын, сапатын жана жашоо деңгээлин жакшыртууга муктаж болгон учурда колдонулат. Бүгүнкү күндө адамдар жакшы жашоого умтулушат жана бул азыр абдан маанилүү. Эл саякат үчүн насыя алат. Бир-эки жыл мурун түзмө-түз эч ким чет өлкөгө бөлүп-бөлүп төлөп эс алганы учуп кетебиз деп ойлогон эмес, эми элде эс алып, аны кийин бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
- Демек, калктын финансылык сабаттуулугу жакшырууда деп айтсак болобу?
- Албетте, буга байланыштуу калк жашоо сапатын жакшыртууга умтулат. Жаштар азыр мурунку муундардан айырмаланып турат-алар жаш кезинен эле бир нерсе кыла башташат, акча табууга аракет кылышат. Айрыкча, азыр бул үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.
Рынокто тандоо үчүн зор сунуштар бар. Банктын болочок кардары өзү үчүн оптималдуу насыяны тандап алууда эмнеге көңүл буруусу керек?
- Жалпысынан банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда шарттар болжол менен бирдей жана пайыздык чендер бир деңгээлде. Бирок көңүл бура турган маанилүү өзгөчөлүктөр бар, мисалы, комиссиялар. Алар кээ бир банктардын шарттарында жазылган - мындай кредит карап чыгуу үчүн комиссия болуп калышы мүмкүн. Биздин банк мындай комиссия албайт. Накталай акча үчүн комиссия жок.
Насыялардын орточо рыноктук баасы бирдей болгондуктан, адам факторун эске алуу зарыл. Кардарлар менен иштеген адистерге көңүл буруу керек. Алар кардарларга багытталган болушу керек. Бул багытта адистерибизди өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Менеджер менен кардар үчүн дайыма байланышта болуу абдан маанилүү. Биз кардар бизге дайыма кайтып келиши үчүн өзүн ыңгайлуу сезе турган чөйрөнү түзүүгө аракет кылабыз.
- Насыя алууну каалагандардын ар биринин максаты, кирешеси жана мөөнөтү ар башка. Мындан тышкары, максатына жараша, жана кредиттик продуктуларда айырма болушу мүмкүн. Пайыздык чендер жөнүндө эмне айта аласыз?
- Сиз абдан туура айтасыз! Насыянын максаты, карыз алуучунун кирешеси жана каалаган насыя мөөнөтү - насыянын шарттарын, анын ичинде пайыздык ченди аныктоочу негизги факторлор. Банк насыялоонун эң ыңгайлуу шарттарын сунуштоо үчүн бардык факторлорду (максат, киреше, шарттар) баалайт.
- Пайыздык чен эмнеден келип чыгат?
- Пайыздык чендин түзүлүшү банктын чыгымдарына жараша болот. Ал депозиттерди тартат, операциялык чыгымдарды, салык чыгымдарын көтөрөт, ошондой эле тобокелдиктерди жана банктын маржасын коет.
Насыянын суммасы жана мөөнөтү насыянын пайыздык ченине да таасир этерин белгилегим келет:
Сумма канчалык аз болсо, ошончолук чоң пайыздык чен жана мөөнөттөр аз болот. Сумма канчалык чоң болсо, пайыздык чен ошончолук аз жана мөөнөтү ошончолук көп болот.
- Рынок улуттук же чет элдик валютада насыяларды сунуштайт. Кайсы вариант пайдалуураак?
- Сөзсүз согм менен насыя алуу керек. Кыргызстанда адамдардын 95% эмгек акысын улуттук валютада алышат. Эгер доллар менен насыя алып алса, анда ал кескин кымбатташы мүмкүн, жана кайра мурдагы баасына кайтпайт. Бүгүн курс 84 сом. Бир жумадан кийин сиз ойгонсоңуз ал 95 сом болот. Сиз доллар менен насыя алсаңыз бул учурда канча кошумча төлөө керектигин элестете аласызбы? Ошол эле учурда, акча алмаштырууда да (конвертациялоо) белгилүү бир сумманы жоготуу мүмкүн экенин унутпашыбыз керек.
Бирок киреше доллар болсо, анда валюталык насыя пайдалуу болот.
- Кыргызстандыктардын көбү аз айлык алышат. Бирок алар өздөрүнүн турак жайлуу болушун кыялданышат. 34-35 миң сом айлык менен ипотека алууга ишенсе болобу? Албетте, өзгөчө шарттары бар мамлекеттик ипотека бар, бирок ал жакта чоң кезек. Кырдаалдан чыгуунун бир жолу - коммерциялык банктарга кайрылуу.
- Албетте, көптөгөн варианттар бар. Чындыгында, эмгек акы аз болгондо, адамдар өз мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүшөт жана жоопкерчиликтүү болушат. Банк кирешеси аз адамдар үчүн аянты чоң үй же батир сатып алуунун жолунг карабайт. Бирок мейманкана тибиндеги болсо да, кичинекей батирдин вариантын алуу реалдуу.
Биз ар бир кардарга ал үчүн оптималдуу вариантты сунуштай алабыз.
Кыймылсыз мүлктү баалоо салык жана юридикалык адистер тарабынан базар баасы боюнча жүрөт.
Кичинекей эмгек акы насыядан баш тартууга себеп эмес.
Адатта, мындай учурларда адамдар ипотеканынин шартын жеңилдете турган мүмкүнчүлүк бар. Биринчи төлөм менен мындай маселени чечүүгө болот. Кредиттер-бул коркунучтуу эмес, качан сен анын иштөө принциби жана өзүңүн дараметиңи эсепке алганда аны түшүнөсүң. Азыр жаштар насыялоону көп колдонушат. Бул учурда, ата-энелер каражат топтоого жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептешет.
- Бул эмне үчүн пайдалуу экенин түшүндүрө аласызбы?
- Анткени чыгым чындыгында чоң болбойт. Башкача айтканда, 1000 доллар шарттуу түрдө алынат, бирок 1200 доллар төлөш керек бул ушунчалык чоң айырмага окшош. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Албетте, бул сумманы дароо берип койсоңуз, капчыгыңызга олуттуу сокку урат.
Бирок айына 9-10 миң бергенде анчалык деле кыйын эмес. Ооба, бул оңой болбойт. Бирок сиз ашыкча чыгымдардан баш тарта аласыз - кофе жана такси. Айына чыгашаңызды эсептеп көрсөңүз, аларга канча акча сарпталганына таң каласыз.
- Конкреттүү насыя продуктуну тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?
- Салыштырыңыз! Мисалы адам ремонтко, ипотекага кредит алгысы келет же, тиричилик техникасын сатып алууну каалайт. Ар бир учурда ар кандай шарттар болот. Пайыздык чендерди карагыла. Мунун баары банк жөнүндө билгениңизге, анын туруктуулугуна, жайгашкан жерине жана албетте, менеджер сиз менен кандай иштешине жараша болот. Коюмдары өтө жогору болгон компаниялар бар, бирок алар менен абдан жакшы иштешкендиктен адамдар ал жакка барышат. Көпчүлүк банктар бирдей продуктыларга ээ. Транзакция боюнча бонустарды караңыз жана, төлөө графигинде сатуудан түшкөн салык барбы караңыз, дагы бир жолу айтам банктардагы жашыруун комиссияларга өзгөчө көңүл буруңуз,.