Авто унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү кайра кирет
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлду.
Министрлик мындай чара экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөй турганын белгилеген.
Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башындагы эсеби боюнча 1 млн 600 миң 691 унаа каттоодон өтсө, анын ичинен 1 млн 387 миң 679унун же жалпы автоунаалардын 86,6% чыгарылганына 15 жылдан ашкан.
Ал эми заводдон чыкканына беш жылдан ашкан унаалар милдеттүү техникалык кароодон өтүүгө милдеттендирилет.
Болжол менен каттоодон өткөн техникалардын 20% маалымат базасында катталып, бирок техникалык себептен улам пайдаланылбайт. Аларды алып салганда, техникалык кароодон өтүшү керек болгон автоунаалардын жалпы саны 1 млн 259 миң 849га жетет.