Өкмөт утилизациялык жыйымды киргизүүгө даярдык көрүүдө

Кыргызстанда кооптуу калдыктарды кайра иштетүү үчүн товарды ташып келген тараптан жана өндүрүүчүлөрдөн утилизациялык жыйымдар алына баштайт.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова 30-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Министрлер кабинетинин 19-июндагы токтому менен керектөөдөн чыккандан кийин кайра иштетүүгө тийиш товарлардын тизмеси бекитилген. Анда кооптуу калдыктарды жарата турган 24 топ аныкталып, желим, тетрапак, аккумуляторлор, майлар, дөңгөлөктөр, электрондук товарлардын жана таңгактардын тизмеси кирген.

Раимкулова утилизациялык жыйым төлөөчүлөрдүн отчет берүүсү, декларация толтуруусу жана утилизациялык жыйымды эсептөө, чогултуу боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалып, президенттин администрациясына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү 91 мекеме бар, анын 56сы Бишкекте.

2023-жылы “Өндүрүш жана керектүү калдыктары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда калдыктарды кайра иштетүүдө мамлекеттик саясат кандай жүрүшү керектиги камтылып, утилдештирүү тууралуу да жазылган. Раимкулова ушул мыйзамдагы талаптарды аткаруу үчүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилип жатканын белгиледи.

 

14:04, 30-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар