Испания курама командасы ЕВРО-2024 чемпиону
Испания курама командасы Евро-2024 финалында Англия курамасын жеңип, футбол боюнча Европа чемпиону болду.
Беттеш Германияда өттү.
Финалдын биринчи жарымы голсуз тең чыгуу менен аяктады. Бирок кийинки таймдын башында Нико Уильямс 17 жаштагы Ламин Ямалдын пасынан Англиянын дарбазасына гол киргизди.
Англиянын футболчусу Палмер 73-мүнөттө алмашуудан чыгаары менен эсеп санын теңеди. Бирок испан футболчусу оюндун акыркы мүнөтүндө эсеп санын 2:1ге айлантып, Испанияга чемпиондукту алып келди.
Испаниялыктар Европа чемпиондугун төртүнчү жолу жеңип алышты.