ӨКМ Баткендеги селдин келип чыгыш себебин аныктады
ӨКМ Баткендеги селдин келип чыгыш себебин аныктады. Баткен районунда туруксуз аба ырайынан улам, сел жүрүп жүздөгөн жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.
Анда Ак-Татыр айылынын «Аэропорт» жана «Өрүкзар» тилкелеринде жакын жердеги турак жайлардын, сел агып чыгуучу каналдардын жээктерине бак-дарактардын отургузулушу жана курулуш иштеринин кесепетинен турак үйлөрдү суу каптаган.
Маалыматка караганда, буга байланыштуу сел агызуучу каналдардын жээктерин кеңейтүү жана тоскоолдук жараткан бактарды кыюу боюнча инженердик-техникалык иштер жүргүзүлүүдө.