ӨКМ: Сел жүрүшү мүмкүн
Өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.