Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарланууда. Маалыматтарга караганда, Зулушев бүгүн эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, кызматтан кетип жатканын айткан. Анын оставкасынын себеби айтыла элек.
Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.
2024-жылы 24-апрелде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн сөгүш деп жарыялаган.
Зулушев быйыл 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.