Кыргызстандык окуучулар Ташкенттеги олимпиадада 7 медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында жалпы 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Күмүш медаль ээлери:

– Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары;

– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучулары;

Коло медаль ээлери:

– Нурдөөлөт Капаров, Б. Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;

– Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу;

– Султан Мусаходжаев, №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.

09:46, 28-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар