Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Самат Гүлнара-Клара кызматтан бошотулду

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Самат Гүлнара-Клара кызматтан бошотулду. Бул боюнча буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Элчинин отставкасынын себеби айтылбайт.

 

Ал 2021-жылы Москвадагы өкүлчүлүктү жетектөөгө жөнөтүлгөн. Ага чейин Самат Гүлнара-Клара БШКны башкарып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.

 

Боршайкомдун төрайымы болуп иштеген жылдары ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин каарына калып, иштен айдалып, бир нече жыл куугуктукталганы кабарланган.

18:24, 27-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар