"Баткен Комфорт" базары сатыкка коюлат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге таандык делип, кийин мамлекетке өткөн «Баткен комфорт» базары аукционго коюлат. Бул тууралуу Мүлк фондунан билдиришти.

Аукцион 29-майда саат 10:00до auctionetp.gov.kg. порталында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн аталган порталга катталып, электрондук арызды тиешелүү документтерди тиркеп, толтуруу зарыл. Ошондой эле мүлктүн баштапкы баасынын 10% өлчөмү кепилдик төлөм катары төлөнүшү керек.

Обьектинин баштапкы баасы 422 млн 776 миң сом. Курулуш материалдары сатылган «Баткен комфорт» базары 2,9 гектар жерде жайгашкан.

17:52, 23-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар