ITB Asia көргөзмөсүндө миңдеген туристтик компаниялар катышты (видео)
Бүгүн Сингапурда Азия-Тынч океан аймагындагы алдыңкы туристтик ITB Asia көргөзмөсү старт алды, ага миңдеген туристтик компаниялар катышты. Биздин өлкөдөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана беш туроператор катышууда.
Көргөзмө абдан кызыктуу өтүп, өлкөлөр келүүчүлөрдүн көңүлүн алуу үчүн түзмө-түз күрөшүп жатышат – Казакстандын стендинде аларды боорсоктор менен сыйлашат, Финляндияны Санта Клаус даңазалоодо, Түштүк Кореянын өкүлдөрү улуттук тамак-аштарды жана суусундуктарды лайктарга тартуулашууда. Бирок көргөзмөнүн талашсыз фаворити жана жылдызы кыргызстандык Алтынай Муратбек кызы улуттук бийлери менен болду. Алтынайды көргөзмөгө келгендер да, журналисттер да кол чабуулар менен тосуп алышты.
«Мен 2017-жылы Сингапурга келип, медициналык колледжге тапшыргам. Мен медайымдык кесипти үйрөндүм жана 3 жарым жылдан бери Gleneagles жеке ооруканасында медайым болуп иштеп жатам. Мага Сингапур жагат – бооруке адамдар жана даамдуу тамактары бар», - дейт Алтынай.
Маданий көрсөтүүлөрдүн сахнасында кыргыз бийлери программага кирди. Биздин өлкөдөн ооз комузду мыкты черткен “Эдельвейс Туристик” туристтик агенттигинин жетекчиси Талант Аземов да катышты. Чыгармачылыгына өнөрү жардам берип жатканын айтты.
«Туристтер менен иштөөдө кыргыз элинин маданияты, үрп-адаттары тууралуу сөз кылышыбыз керек. Ал эми өзүңүз улуттук аспапта ойносоңуз, бул чоң таасир калтырат», - деди ал ийгилик сыры менен бөлүштү.
Кыргыз Республикасына саякаттоого болгон кызыгуу күч алууда, биздин укмуштуудай табиятыбыз жана активдүү эс алуу үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр чоң кызыгууну туудурат. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтик фирмалардын өкүлдөрү биздин өлкөдө кышкы туризмге, активдүү эс алууга, тоо туризмине кызыгышат. Кыргыз Республикасынын стендиндеги жолугушуулар тынымсыз уланууда.
ITB Asia көргөзмөсү үч күнгө созулат. Бул убакыттын ичинде туристтик бизнестин өкүлдөрү дүйнөнүн төрт бурчунан келген кесиптештери менен жүздөгөн жолугушууларды өткөрүп, туризм тармагынын негизги багыттарын талкуулашат жана жаңы келишимдерди түзүшөт.