Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти
Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жабыркагандардын ичинен төртөө орточо оор абалда ооруканага жаткырылды, калганы үйүндө дарыланууда.
"Көпчүлүгү башынан жаракат алган, денелери сыйрылып, кесилген. Бирөөнүн кыр сөөгү сынып, экөөнүн (өспүрүм жана чоң киши) жамбашы сынган", — деп жазылат маалыматта.