Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке жеткирилди
Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу маалымат каражаттарына укук коргоо органдарындагы булактар билдирген.
Райымбек Матраимовду өкмөттүк учак менен алып келишкени кабарланууда. Аны менен кошо «Ошгаз» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Тилек Матраимовду да алып келишкен.
23-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын кабарлаган. УКМК алардын баары Азербайжандан келгенин, алардын Бишкекке келиши Раимбек Матраимовго байланыштуу болгонун билдирген.