Садыр Жапаров саясатчы Азимбек Бекназаровдун  кайрылуусуна жооп берди

Садыр Жапаров Кабар агенттигине берген кезектеги маегинде саясатчы Азимбек Бекназаровдун кечээги сотто президентке кайрылуусуна жооп берди.

Белгилей кетсек, анда Кемпир-Абад иши боюнча соттолуп жаткан Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Рамазан айында кечиришүүгө чакырган.

Өлкө башчысы соттун ишине кийлигишперин белгилейт.

Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун. Аңыраңдап-шаңыраңдаган барып, өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды, — дейт ал.

Садыр Жапаров  соттолуп жаткандар бийликти митингдер менен коркута албастыгын айтты.

Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингке чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле. Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандар болсо башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени наше дело правое. Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек, — дейт президент.

09:58, 14-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар