Үч күндө төрт мезгил. Араб туроператорлоруна Кыргызстан жакты (видео)

Кыргыз Республикасы кымбат эс алууга көнгөн жана бир сапарга миңдеген доллар короткон премиум класстагы туристтерге муктаж. Ошондуктан Кыргызстанга саякатка илгерилетүү үчүн максаттуу рыноктордун бири Жакынкы Чыгыш, анын ичинде Сауд Арабиясы болуп саналат.
Жыл сайын бул падышалыктан Кыргыз Республикасына миңдеген туристтер келишет, алар 5 күндүк саякатка орто эсеп менен 1500-2000 миң доллар коротушат. Ал эми алардын өлкөбүзгө саякатка болгон кызыгуулары өсүүдө. Буга чейин Жиддадан Ош жана Бишкекке үзгүлтүксүз каттамдар ачылып, биздин өлкөлөр ортосунда жума сайын 6 каттам аткарылууда.
Араб туристтик компаниялары Кыргызстанга көбүрөөк туристтерди жөнөтүүнү каалашат. Алардын кызыгуусун сактоо үчүн Сауд Аравиянын, Жидда, Эр-Рияд, Даммам жана Кувейт шаарларынын 32 туристтик агенттиктеринин өкүлдөрү үчүн маалымат тур өткөрүлдү. Коноктор үч күн бою кооз жерлерди көрүп, көчмөндөрдүн маданияты менен таанышып, улуттук тамак-аштары менен таанышып, жашоо шартын үйрөнүштү. Алгачкы кар жааган Ала-Арча жаратылыш паркында жыл мезгилинин алмашышына суктанып, Кегети капчыгайындагы шаркыратмаларда ырахаттанып, Бурана мунарасына чыгып, салбуурун шоусун, улуттук ат оюндарын көрүштү.
18-октябрь араб туроператорлорунун Кыргызстанда болушунун акыркы жана эң маанилүү күнү. Бүгүн алар кыргызстандык кесиптештери менен баарлашып, алака түзүштү, кызматташуунун шарттарын сүйлөшүштү.
«Бизге баары жакты – жаратылыш да, меймандос элиңиз да. Кийинки жолу башка аймактарга сөзсүз барабыз, өзгөчө Ысык-Көлдү көргүбүз келет. Саудиялык туристтер көп балалуу үй-бүлөлөр менен саякаттаганды, табияттын койнунда жашаганды жана даамдуу тамактарды жактырышат. Ошондуктан алар сиздин өлкөңүздү абдан жакшы көрүшөт», - деди RateHawkтын аймактык менеджери Ваил Наба.
Араб туроператорлору үчүн инфотур Туризм департаменти, Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду, Сауд Аравиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы (КАТО) тарабынан уюштурулган. ).
Өнөктөштөр Novotel, B Hotel, Park Hotel, Five, Sheraton Bishkek жана Jazeera Travel жана Zakher Travel туристтик компаниялары болушкан

15:26, 18-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар