"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин арыздарын кабыл алуу башталды

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин арыздарын кабыл алуу башталганын уюштуруучулар кабарлашты.

Билдирмеге караганда, сынакка 2023-жылдан баштап тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат.

Документ тапшыруу мөөнөтү 30-апрелде аяктап, сыйлык тапшыруу аземи Бишкекте 17-майда өтөрү белгиленди.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

Мыкты тасма;

Мыкты режиссёр;

Мыкты сценарий;

Мыкты оператор;

Мыкты сүрөтчү;

Мыкты композитор;

Мыкты үн режиссёр;

Мыкты монтаж;

Эркектин мыкты ролу;

Аялдын мыкты ролу;

Мыкты даректүү тасма;

Мыкты кыска метраждуу тасма;

Көрүүчүлөр жактырган мыкты фильм;

Улуттук кинематографияга кошкон салым;

Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;

Борбор Азиядагы мыкты кино;

Борбор Азиянын мыкты актёру;

Борбор Азиянын мыкты актрисасы.

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы — кинематография жаатында мыкты адистерди сыйлаган жыл сайын өтүп жаткан иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү болуу максатында уюштурулуп келет.

09:53, 12-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар