Кулак-мурду кесилген аял ооруканадан чыгарылды
20-сентябрда Бишкекке жакын Селекционное айылында мурунку күйөөсү кулагы менен мурдун кесип алган 36 жаштагы Асел Ногойбаева ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Индира Саутова билдирди.
Маалым болгондой, Асел ооруканадан кечээ, 16-октябрда чыгарылган. Бүгүн жабырлануучу суракка алынды.
“Бүгүн саат 11:00дөн 16:30га чейин Аселдин үйүндө болдум. 5 баш коргоо чарасы жана баш тартуу материалдары боюнча жылыштар бар. Тергөө иштери кайра башталып, тергөө амалдары журүп жатат. Асел ден-соолугуна байланыштуу үйүндө суракка алынган”,-деп билдирди жактоочусу.