Чүйдө монолиттүү-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат
Бүгүн 2024-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги “Роялсафа” жоопкерчилиги чектелген коому менен Монолиттүү-блоктук модулдарды өндүрүү заводунун курулушун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.
Келишимдин предмети болуп Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында монолиттүү блоктордун модулдарын чыгаруучу заводду монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүү боюнча заводдун курулушун ишке ашыруу болуп саналат.
Монолиттүү-блоктук модулдарды өндүрүү заводун ишкер киргизүү боюнча инвестициялык долбоордун суммасы 1 000 000 АКШ долларын түзөт жана завод ишке киргенде бир катар жерегилктүү жарандар иш менен камсыз болот.
Аталган инвестициялык долбоор «Роялсафа» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылат.