Бишкекте коомдук транпорт менен жеңил унаа кагышып, бир адам жабыркады

Бишкекте коомдук транпорт менен жеңил унаа кагышып, бир адам жабыркады

Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты көздөй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган “Хонда-Фит” унаасы сүзүп алган.

Бактыга жараша автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес.

Ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген

09:50, 07-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар