“Башына кан уюп калган”. Караколдо көк бөрүдөн жабыркаган жигит комага түштү
Бүгүн, 5-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирдин жүрүшүндө 24 жаштагы улакча башынан каттуу жаракат алып “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген бирок, ал комага тушүп калды.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган улакчы башынан каттуу жаркат алган. Азыркы учурда анын абалы оор. Улакчыга тезинен операция жасалышы керек болууда.
Дарыгерлердин айтымында, анын башына кан уюп калган.