Бишкек ЖЭБдеги авария. Эки жабырлануучунун денесинин 80%ы күйгөн

Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркагандардын абалы тууралуу айтты.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен 5 жабырлануучу Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

"Жабырлануучулардын үчөө өрттөн 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Алардын экөөнүн бети, моюну жана тулку бою, буттары, тактап айтканда, денесинин 80%ы күйгөн. Экөө тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Үчүнчү жабырлануучу эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган - 10%ы күйгөн. Ал да ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда.

Төртүнчү жабырлануучу тизесинен жаракат алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, ал дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», - деди ал.

11:38, 02-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар