"Авангард стиль " курулуш компаниясынын директору кармалды

"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев № 1 тергөө абагына киргизилгенин Бишкек шаардык соту кабарлады.
Минкеев камакка УКМК тергөөчүсүнүн сунушу менен алынган. Ал тергөө абагында 4-ноябрга чейин болот.
Бизнесмен Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешени адалдоо" беренеси боюнча айыпталып жатканы айтылды.
16:01, 12-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар