Кытайда болгон жер силкинүүдөн 47 үй  кыйрап калды

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жер титирөөдөн 47дей үй толугу менен кыйрап, алты адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости "Синьцзян жибао" гезитине таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен.

"Соңку маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн 47 үй толугу менен кыйраса, 78 там жарым-жартылай бузулган. Жаратылыш кырсыгынан эки адам оор, төрт киши жеңил жаракат алган. Жабыркаган калктуу конуштарда электр энергиясы, жылуулук, суу калыбына келтирилген", — деп айтылат кабарда.

10:24, 23-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар