Кыргызстанда талапка жооп бербеген15 мал союучу жай жабылган

2023-жылы Кыргызстанда жалпы 101 мал союучу жай катталып, анын ичинен 15и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу жабылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК "Восточно-импортноэкспортная компания”).

"Мал соючу жайы жок райондорго жана шаарларга Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан тапшырма берилип, анын жыйынтыгында менен 12 жаңы мал соючу жай салынды", - деди ал.

11:24, 19-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар