УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 23 жаштагы келиндин окуясы боюнча үн катып, кыз-келиндерге кайрылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда күйөөсү тарабынан токмоктолуп өлтүрүлгөн 23 жаштагы келиндин окуясы тууралуу үн катып, кыз-келиндерге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ал өзунүн фейзбук баракчасында билдирди.

“Урматтуу мекендештер!

Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүпп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз! Эне бар, үй-бүлө бар, Мекенибиз болот!”,-деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

09:43, 12-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар