Аскарбек Джаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду
Аскарбек Джаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрация билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.