Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Урматтуу кыргызстандыктар!
Президенттик Администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды.
Ага ат коюшубуз керек болуп жатат.
Ар кандай сунуштар түшүүдө.
"Ак Ордо", "Кут Ордо", "Айкөл Ордо", "Ынтымак Ордо" деп атоо сунуштары түштү.
Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат.
Тарых болот.
Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер.
Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер.
14:42, 10-10-2023

Комментарийлер

Алтынбек
АК,ордо
Алтынбек абдуллайевич
Кыргыз жаралганда АК Ордо болгон

Башка жаңылыктар