Милиция бөлүмүндөгү адам өлүмүнөн улам иш козголду

Милиция бөлүмүндөгү 25 жаштагы кишинин өлүмү боюнча "Бийлигинен аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине ылайык, кызмат адамдары бийлигинен аша чаап, саламаттыкка оор залал келтирген деген кине коюлуп жатканы айтылат.

"Кылмышты тергөө УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына өттү. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бардык тергөө амалдарын прокуратура көзөмөлдөйт", — деп айтылат кабарда.

Кырсык 10-августка караган түнү болгон. Ишенимдүү булактардын айтымында, милиция кызматкерлерине "Ош" базарынын соодагерлери кайрылып, ары-бери өткөндөрдү кубалап, товарларды ыргытып жаткан жаранга карата чара көрүүнү суранышкан.

Ызы-чуу салган 25 жаштагы киши Ленин райондук милициясына жеткирилген соң 15 мүнөт өтүп-өтпөй көз жумган.

 

11:58, 13-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар