Адамды уурдап барып сабап, акчасын, телефонун тартып алышкан
Адамды уурдап барып сабап, акчасын, телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 13-апрель саат түнкү 3:00дөр чамасында болгон.
"Жабырлануучуну үч киши Honda Fit үлгүсүндөгү унаага салып, Жамгырчинов жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишине алып барышкан. Ал жерден токмоктоп, бычак менен коркутуп 6 миң сом жана Redmi 11 маркасындагы телефонун алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
"Адам уурдоо" беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 20, 21 жана 27 жаштагы үч киши кармалды.