Улуттук банк санарип сом чыгаруу укугуна ээ болду. Мыйзамга президент кол койду
"Улуттук банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Ага президент Садыр Жапаров кол койгону кабарланды.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-мартта кабыл алынган. Эми санарип сом өлкө аймагында төлөм каражаты болот. Ошондой эле документте санарип сомду чыгаруу, жөндөө, жүгүртүү боюнча беренелер киргизилген. Аларга ылайык, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта деп кабылданат. Улуттук банк аны эмиссиялоо (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ жана жүгүртүү, уюштуруу тартибин аныктамакчы.
Мыйзам 2027-жылдан баштап күчүнө кирип, санарип сом ошондо жүгүртүүгө чыгарылат.