Садыр Жапаров: Мен турак-жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлерди тапшыруу аземинде “Мен турак-жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам!”,- деп белгиледи.

 

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Кымбаттуу мекендештер!

Борбор калаабыздын урматтуу тургундары!

Элибизди турак жай менен камсыз кылуу — Бул биздин алдыбыздагы эң башкы артыкчылыктуу милдет.

Бул багытта өлкөбүздүн булуң-бурчунда үй куруу иштери кызуу жүрүп жатканын жакшы билесиздер.

Өткөн жылы коомчулукта келечекке жана бийликке болгон ишенимди бекемдеген “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында борбор калаабыздын Скрябин жана Маликов көчөлөрүндө биринчи этаптагы үйлөр ийгиликтүү бүткөрүлүп, жалпысынан 1059 батир муктаж жарандарыбызга тапшырылган эле.

Бүгүн болсо мамлекеттик турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыгы, аталган программанын кезектеги натыйжасы катары

Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү 612 батирлүү заманбап үйдү жарандарыбызга тапшыруу алдында турабыз.

Алгач сөзүмдүн башында “өзүбүздүн башпаанегибиз болсо” деп

канча убакыттан бери эңсеп, мамлекетке үмүт артып, сабырдуулук менен кезегин күтүп, “мына эми куттуу коломтобуздун ачкычын алабыз” деп кубанычтары койнуна батпай турган жарандарыбызды

чын дилимден бүгүнкү майрамдык маанайынар менен куттуктап өтөйүн.

Алган үйүңүздөр акжолтой болсун, ушул жерден агарып-көгөрүп,

бала-чакалуу болгула, көптөгөн ийгиликтерге жетишкиле!

Урматтуу мекендештер!

Кудай буюрса, эл арасында биримдик, өлкөбүздө тынчтык болуп турса, социалдык долбоор катары саналган бул программабызды мындан ары да улантабыз.

Он миңдеген жарандарыбыз илгери үмүт менен кезекке туруп, үйлүү-жайлуу болсом деп зарыгып күтүп келишет.

Алардын үмүт-тилектерин аткарганга мамлекетибиздин күчү жетет.

Буюрса, 4-5 күндө борборубуздун Маликов көчөсүндөгү 600гө жакын батирди жана жакынкы араларда Жалал-Абад шаарында салынган 1,5 миң бартирлерди кезекте турган жарандарыбызга тапшырып келем.

Алардын да кубанычтарына ортоктош болобуз.

Мен турак-жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам!

Бара-бара андай жарандарыбыздын баарын үй менен камсыз кылууга жетишебиз.

Биз жергиликтүү бийликтердин жана курулуш тармагындагы адистердин, карапайым курулушчулардын,талыкпаган мээнети аркылуу мамлекеттик турак-жай саясатын жүзөгө ашырабыз.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, элдин жүгүн аркалаган мындай мээнеткеч кызмат адамдарынын баарына ыраазычылык билдире кетейин.

“Алгач элде болсун, элде болсо бизде болот” деген элибизде жакшы кеп бар.

Эми элибиздин көксөгөн максатын ишке ашырып келаткан Мамлекеттик ипотекалык компания тууралуу да эки ооз сөз кыла кетейин.

Бүгүнкү күндө компаниянын уставдык капиталы 80 миллиард сомдон ашып, Кыргызстандагы жападан жалгыз ири капиталга ээ болгон мамлекеттик компанияга айланды.

Бул да болсо мамлекеттин элге болгон камкордугунун далили.

Урматтуу мекендештер.

Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин.

Кечээ куну депутаттар МИКтин жетекчисине суроо берип, ар кандай күмөн саноо дейбизби же ишенбестик дейбизби айтор жарга такаган суроолорду берип жатканын көрүп калдым.

Ошондуктан жалпы карапайым элге түшүнүктүү болуш үчүн толук жана кенири маалымат бере кетейин.

МИКте баардыгы ачык. Кезектерди кезекте тургандар өздөрү онлайн режимде козомолдоп турса болот, ал эми акча каражаттары болсо электрондук көзөмөлдө турат.

Эч ким уурдай албайт. Уурдаса көрүнүп калат. Албетте эселеп кайтарат.

Эми, ушул жерде батирге ээ болгондордун жарымы алдын ала толому жок мурдатан эле кезекте турган, 25 жылдык мөөнөт менен алып жаткандар турасыздар.

Ал эми жарымыныздар болсо алдын ала 50 пайызын төлөп, калган суммасын 10-15 жылга алгандар олтурасыздар.

МИКте элибизди турак жай менен камсыз кылууда ар түрлүү варианттар, программалар бар.

Мурда бир эле вариант бар болчу. Ал 14 пайыз менен, алдын ала 30 пайызын төлөө, калган суммасын 10 жылда төлөп бүтөсүң. Болду, өмүр бою ошол батирде жашайсың деген шарт эле.

Биз келгени кандай жанылыктарды киргиздик?

Мамлекеттик иштерде иштегендерге 4 пайызга, ал эми жеке жактарга 8 пайызга чейин тушурдук, алдын ала төлөмү жок 25 жылга бере баштадык.

Дагы бир жанылык, эгер мурда МИКтен алган батириң үй бүлөңө тардык кыла баштаса аны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бердик.

Мисалы, мурда 1 бөлмөлүү батир алып, убакыттар өткөндөн кийин бала-бакыранар чоңойуп, ал батириң үй бүлөңө тар боло баштаса, аны кайрадан МИКке тапшырып, 2 же 3 бөлмөлүү батирге алмаштырсаң болот деген мүмкүнчүлүк бердик.

Мурда бир бөлмөлүү батирге төлөп жүргөн акчаң толугу менен кийинки кенейтилген батириндин төлөмүнө

эсеп болуп кете берет. Эми алдын ала 50 пайызын толоп алып жаткан жарандарыбызга токтоло кетейин.

Мындай мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз дагы абдан көп экен. Булар мигранттар же катардагы эле жарандарыбыз.

Ушундай жол менен МИКдан бир эле жолу батир ала алышат. Депутаттар кумон санап жатшкандай кайра-кайра бир нече жолу ала алышпайт.

Тагыраак айтсам бүгүн МИКтен алган батирди эртен кайра сатып бизнес кыла алышпайт.

Ошондуктан булар үчүн да өзүнчө программа киргиздик.

Алдын ала 50 пайызын төлойсүң, калганын 10-15 жылдын ичинде төлөп бүтөсүң деп.

Булар илгертен кезекте турган жарандарыбызга тиешеси жок.

Булардын алдын ала оздору тологон 50 пайыз акча каражатын

мына ушул эле курулушка жумшап жатабыз.

Мына ушул курулуштун 60-70 пайызын бүтүргөнгө өздөрүнүн эле акчасын колдондук.

Бул албетте мамлекет үчүн, МИК үчүн жеңилдик болуп жатат.

Мамлекеттин эле акчасын колдоно бербей мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыздын акчасын да өздөрүнө колдонолу да.

Бул акча каражаттын баары МИКтин пайдасына түшүп жатат.

Ошондуктан бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталын 80 миллард сомдон ашырдык.

Мурда деле карапайым эл үчүн ушул ишти жасаса болот экен эле. Мамлекеттин күчү да, акчасы да жетмек экен. Бирок жасаган эмес. Башынан этегине чейин уурулуктар көп болгон.

МИКтин капиталы дагы бир, эки жылда 100 миллиард сомдон ашат.

Кантип десеңиздер, буга да жооп бере кетейин.

Бүгүнкү күндө жеке компаниялар ушундай престиждуу райондордо

батирдин бир чарчы метрин 2000 доллардан кем эмес сатып жатышат.

Бирок ошол да “под ключ” эмес, под «ПСО» деп коебуз го.

Кире бериштеги эшигин салып коёт, ичин өзүн жасап ал дешет.

Биз бүгүн сиздерге берип жаткан квартиранын баасы бир квадрат метри “под ключ” 850 доллардан. Эмеректериңди алып кирип жашай бересин.

Кантип мындай баага «под ключ» салып жатабыз?

Биз мамлекеттик “Кыргызкурулушсервис” компаниясын жана бирин-экин озубуз тааныган жеке компанияларды суранып, бир квадрат метрин Бишкек менен Чуйдо 650 доллардан, ал эми алыскы аймактарда 700 доллардан “под ключ” салып бергиле деп жалдап салдырып жатабыз.

Бул баага башка ири курулуш компаниялары келбей коюшту. Бүгүнкү күндө 650 долларга “под ключ” эч ким салбайт дешип.

Ошондуктан биз,мамлекеттик курулуш компанияны жана бир эки жеке компанияны жалдап Бишкекте 650 доллардан ал эми аймактарда 700 доллардан салдырып, МИКга өткөрүп берип жатабыз.

А МИК болсо үстүнө 200 доллардан кошуп, сиздерге 850 доллардан берип жатат.

Ортодогу 200 доллар пайда, МИКке түшүп жатат.

Ошондуктан МИКнын кирешеси көбөйүп 80 миллард сомдон ашты.

Эми азыр курулушту кылган “Кыргызкурулушсервис” менен жеке компаниялар, 650 долларга «под ключ» кура албай калдык, курулуш материалдар кымбаттап кетти, 700-750 долларга чейин которуп бергиле дешип,

даттанып жатышат.

Анткени буга чейин Чүй менен Бишкек шаарында 650 доллар, ал эми алыскы аймактарда болсо 700 долларга жалдап салдырып келе жатканбыз.

Бул маселени өкмөт изилдеп жатабыз. Жакын арада бир чечим кабыл алып беребиз.

Буга чейин шаардын чак ортосундагы Скрябина көчөсүндө жайгашкан, мурда Максим Бакиевке таандык болгон 1,5 гектар жер тилкесине 539 квартира салып, былтыр карапайым элге үстүнө пайыз кошпостон эле, 650 доллардан бергенбиз.

Эми мындан ары мейли кайсы аймакта болбосун МИК сөзсүз түрдө батирлердин үстүнө өзүнүн пайдасын кошуу менен берет.

Анткени МИК пайда коруш керек. Себеби,25 жылдын ичинде сөзсүз түрдө инфляция болот.

Ошол инфляцияны, МИККичи шаарларга, региндорго салынып жаткан батирлердин үстүнө кошкон пайда менен жаап турушу керек.

Эми мындан ары баалар өзгөрөт.

Бирок баары бир деле МИКнын саясаты карапайым эл үчүн жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу сөзсүз түрдө кыйла арзан болот.

Жакынкы келечекте Мамлекеттик ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүүнү жана өлкөнүн турак-жай фондун дагы да кеңейтүүнү максат кылууда.

Максатыбыз ийгиликтүү ишке ашса, жарандарыбызды турак-жай менен камсыздоодо мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келбестен,

ипотекалык компаниянын иши туруктуу жана натыйжалуу жолго коюлат.

Урматтуу агайын-туугандар!

Бүгүнкү күндө “Менин үйүм” программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында турак жай курулуштары жүрүп жатканын жакшы билесиздер.

Жалпысынан өлкө боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу башталып, алардын басымдуу бөлүгү активдүү фазада турат.

Улам бүткөнүн, улам ушинтип тапшыра беребиз.

Жарандарыбыз өз үйүнө ээ болуп, жашоо-турмушун тыңдап алаарына мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз.

Ал эми борбор деген борбор экен, Бишкек шаарынын жашоо ыргагы ыкчам, улам жаңылануунун үстүндө болуп жатат. Өлкө аймагынан шаарга агылгандар да бир топ.

Ушундан улам, турак жайга болгон муктаждык да чоң. Ошого жараша пландуу курулуш иштери улантылууда.

Эртен “Мурас” кичи районунда дагы 600гө жакын батир бүтүп жатат.

Аларды толугу менен кезекте тургандарга беребиз. Ал жакта жарымын алдын ала төлөгөндөр жок.

Себеби ал кичи район толугу менен мамлекеттин акчасына курулуп жатат.

Биз мындан ары да сапаттуу жана жеткиликтүү үйлөрдү куруп, жарандарыбыздын тилек-максаттарын орундатабыз, ага бар күч-аракетибизди жумшайбыз.

Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!

Мына бул баарыбыз күбө болуп турган жаңы үйлөр көптөн күткөн жарандарыбызга жылуулук тартуулай турган коломто, ынтымактын очогу, өнүгүүнүн башаты болуп берет деп бекем ишенем.

Мамлекетибиздин элге болгон камкордугу, элибиздин мамлекетке болгон ишеними, сый-урматы арта берсин.

Үй-жайлуу болуп жаткандардын чамгарагы бийик, босогосу бек болсун!

Ак өргөөңөр кут болсун!”.

 

17:27, 11-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар