Кыргызстанда 6 футболдук стадиондун курулушу бүтүрүлүп, пайдаланууга берүү пландалууда
Кыргызстанда 2025-жылдын I жарымында 6 футболдук стадиондун курулушу бүтүрүлүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын спорт жана дене тарбия чөйрөсүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Касымалиев белгилегендей, Орок айылында 51 миң көрүүчүгө эсептелген, ФИФАнын стандарттарына жооп берген эл аралык класстагы стадиондун курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат.