Түштүк Корея президенттик шайлоону 3-июнда өткөрүүнү пландоодо

Корея Республикасынын бийлиги мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 3-июнда өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, эртең Түштүк Кореянын министрлер кабинетинде шайлоо өткөрүү маселеси көтөрүлөт.

“Шайлоо күнүн аныктоо үчүн министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүү зарыл деген так мыйзам ченемдери жок. Бирок бул добуш берүү күнү убактылуу дем алыш күнүн белгилөөнү талап кылган маанилүү жагдай болгондуктан, бул маселе министрлер кабинетинин жыйынында каралат. Түштүк Корея Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Хан Деок Су президент кызматтан кеткенден кийин 10 күндүн ичинде бир датаны белгилеши керек ”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 4-апрелде Конституциялык сот парламенттин айыптоосуна макул болуп, мурдагы президент Юн Сок Ёлду аскердик абалга байланыштуу бийликтен бир добуштан кетирген.

Ага ылайык, кызматтан бошотулгандан кийин 60 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

11:03, 07-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар