Баткен облусунда мандариндин жаңы сортторун сыноо пландалууда
2025-жылы Баткен облусунда мандариндин жаңы сортторун сыноо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, мандариндин суукка чыдамдуу көчөттөрү Түркиядан алынып келинет. Аталган облустун климаттык шартына көчөттөрдүн ыңгайлашуусу, төмөнкү температурага туруктуулугу жана түшүмдүүлүгү бааланат.