Нотариустар ККМ системасына интеграцияланды

Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасы Салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарынын (ККМ) системасына бириктирилди. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 26-марттан тарта Электрондук нотариат системасын пайдаланган нотариустар ККМ колдонуудан бошотулат. Бирок нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасына түздөн-түз автоматтык түрдө катталып турат.

Салык кызматы мындай кадам финансылык агымдарды көзөмөлдөөнү жакшыртууга, салыктык тартиптин деңгээлин жогорулатууга, салык төлөөдөн качууга жол бербөөгө жана нотариустардын ишин жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

10:23, 26-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар