Ош шаарында "Ак көр" көрүстөнүн рекультивациялоо башталды

Ош шаарында эски көрүстөндөрдүн ордун коомдук максатта кайра пайдалануу үчүн рекультивациялоо иштери "Ак көрдөн" башталды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган жай Шакиров көчөсүндө жайгашкан. Бул жерди коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдаланууну чечишкен.

Алгач жалпы маркумдарга куран окулуп, курмандык чалынган. Тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

13:04, 25-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар