Бишкекте бала бакчанын имараты 80 сотых жери менен мамлекетке кайтарылды
Бишкекте бала бакчанын имараты 80 сотых жери менен мамлекетке кайтарылды
Бишкекте бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, №159 балдар бакчасынын имараты 80 сотых жери менен 1993-жылы менчиктештирлип кеткен.
"Анын ээси Ю.Ш.А. мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат жыл башынан бери алты бала бакча мамлекетке кайтарылганын кошумчалаган.