Депутат Айжигитов: Фракция лидери Ашимова кызмат абалынан пайдаланды

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимованы "кызмат абалынан аша чапты" деп, кечирим суроосун талап кылды. Бул тууралуу Айжигитов бүгүн 19-мартта аталган фракциядан чыгарылганына байланыштуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сүйлөгөн учурда айтты. Мунун алдында ал 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурап, депутаттар аны колдоду.

"Фракция лидеринин депутатты фракциядан чыгарууга укугу жана андай бийлиги жок. Эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн караган документтерде депутатты фракциядан чыгарып салуу деген түшүнүк жок. Фракциянын чечимдери буга каршы келбеши керек. Мындай ыйгарым укугунун жоктугуна карабай депутат Айжигитовду көз карандысыз пикири үчүн фракциядан чыгаруу маселесин алып чыкты. Муну менен депутаттын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарына карабай Ашимова өзүнүн кызмат абалынан аша чапты", - деди ал.

Айжигитов кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу фракциянын эмес, өзүнүн жеке, аксакалдык пикирин билдиргенин айтты. Ал эл шайлаган депутат өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин белгилеп, аны "сөзсүз эле фракция менен макулдашуунун кереги жок" экенин айтты.

"Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова Айжигитовдун айткандарына жооп бере элек.

12:49, 19-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар