Чүйдө документ жасап, башка бирөөнүн жерин сатып жиберген шектүү кармалды
Чүйдө 44 жаштагы жаран жасалма документтер менен башка бирөөлөрдүн жерлерин сатып жүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматкы ылайык, 17-февралда милицияга С.А. аттуу жаран кайрылып, 2021-жылдын 24-майынан 2022-жылдын 11-февралына чейин Ж.Б. аттуу жаран ага жасалма ишеним каттын негизинде Сокулук районунун Кожомкул айылында жайгашкан башка бирөөлөрдүн жер тилкелерин сатып жибергенин билдирген.
Ошондой эле арыз ээси С.А.нын айтымында, Ж.Б. 2023-жылдын январь айында аталган аймакта жайгашкан башка бирөөнүн жерин ага алдап саткан. Жыйынтыгында С.А. 1 млн 330 миң сомго жабыр тарткан.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (документтердин жасалмасын жасоо) жана 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.Б. аталган жер тилкелерге ээлик кылууга укук берген документтери жок туруп, жеке нотариустун атынан ишеним каттагы кол тамга менен мөөрдү жасалмалап, алдоо жолу менен башкалардын жер тилкелерин С.А. сатып келгени аныкталган.
Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, 18-мартта шектүү катары 44 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн мурда соттолгону белгилүү болгон.
Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө уланып жатат.