Кожентте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан маанилүү документке кол коет

Кожент шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда маанилүү макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу Эмомали Рахмон "Ынтымак ордодон" билдирди.

Анын айтымында, аталган үч өлкөнүн чек арасы кесилишкен жер боюнча келишим түзүлөт.

Эске салсак, 31-мартта Кожент шаарында алгачкы ирет Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттеринин үч тараптуу саммити өтүп, Нооруз майрамы белгиленет.

13:42, 13-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар