“Ынтымак Ордодо” Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алуу салтанаты өтүүдө
“Ынтымак Ордодо” Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алуу салтанаты өтүүдө.
Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана эки өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.
Тажикстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алган.