Садыр Жапаров: Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду кайтаруу сүйлөшүлүп жатат
Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Журналист ага "Максим Бакиев Кыргызстанга келди" деген маалымат тарап жатканын айтып, мындай болушу мүмкүнбү деген суроо узаткан.
Өлкө башчы Максим, Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгонун, келсе камаларын айтты.
"Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" дешти. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул болуп алып келип ЖЭБ, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе, аны бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай. Ячейкаларда канча акча болгон? Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат", — деген Жапаров.
Президент айрымдар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет-бучкагын угуп, Максим Бакиев тууралуу жалган маалымат таратып жатышкандыр деп божомолдогон.