Бишкектин үстүндөгү “Маңка-Жар” коктусундагы дамба тазаланды

Бишкек шаарындагы “Маңка-Жар” коктусундагы дамбанын суусу сордурулуп, тазаланды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Арча-Бешик конушундагы үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптоодон сактоо үчүн жасалган.

Анткени акыркы үч жылда жаан-чачындан улам “Манка-Жар” капчыгайындагы селден суу ашып, Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана 240 үйдү каптаган.

14:29, 10-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар