ИИМдин тергөөчүсү 5000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
ИИМдин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Биринчи май РИИБнын тергөөчүсүнө карата опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын майору А.К.М. өзүнүн акча табуу кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.
«5-мартта КР ИИМдин Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын майору А.К.М. 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. А.К.М. пара талап кылган кылмыш ишинин алдын ала талдоосу кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.