Бишкекте жыл башынан бери коомдук транспорттун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталды

Бишкек шаарында жыл башынан бери коомдук транспорттун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук транспорт катышкан жол кырсыктарынан 50 жаран жабыркап, 1 жаран каза тапкан. Мындан улам аталган мекеме коомдук транспорттордун ишине көзөмөл күчөтүлө турарын билдирди.

17:25, 04-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар