Төө-Ашуудагы туннелде жол жабылып, куткаруучулар тартылды
Төө-Ашуудагы туннелге куткаруучулар тартылып, жол жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек– Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы туннелдин ичинде "VOLVO" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентилятор системасына тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан.
Учурда туннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган. Жерине Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган ӨКМдин ТКККнын 6-ӨМТККВдан 2 куткаруучу жана туннелдин кызматкерлери тартылган.
Кошумча маалымат берилет.